Аму-Дарыя жана Сыр-Дарыя дарыяларынын бассейндеринде чек ара аралык кызматташтыкты бекемдөө, суу өндүрүү борборлорун өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшү күчөгөн шартта суу менен камсыздоону жакшыртуу. Бул темаларды Ташкентте өткөн эл аралык суу өнөктөштүгүнө арналган конференцияда серепчилер талкуулашты. Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү ресурстарды рационалдуу пайдалануу, заманбап сууну үнөмдөөчү технологияларды ишке ашыруу, стратегиялык программаларды ишке ашыруу эң натыйжалуу чечимдердин катарында кала берерин белгилешти. Форумдун катышуучулары эл аралык өнөктөштөр менен биргелешип иштөөгө жана тажрыйба алмашууга даяр экендигин белгилешти, ошондой эле аймак өлкөлөрүндө суу мыйзамдарын өркүндөтүү маселелерин талкуулашты. Мисалы, Өзбекстанда жаңы Суу кодекси иштелип чыгып, кабыл алынды. Документ ресурстарды башкаруунун ийкемдүү, интеграцияланган жана илимий жактан негизделген моделин ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт.
Константин Оболенский, Швейцариянын Өзбекстандагы элчиси:
- Биздин өлкө Суу кодексин иштеп чыгууда Өзбекстанды колдойт. Биз техникалык колдоо көрсөттүк, иштеп чыгууда гендердик аспектилер эске алынды, ошондой эле консультациялык жана уюштуруу маселелеринде колдоо көрсөттүк.
Равшан Мамутов, Олий мажлисинин мыйзам чарба жана суу маселелери боюнча комитетинин төрагасы:
- Суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу үчүн биздин беш өлкөдө жасалып жаткан бардык иштер бизге, кошуналарыбызга жана бири-бирибизге таасир этет. Биз трансчегаралык бассейндерди бөлүшкөндүктөн, бири-бирибизди колдошубуз керек. Биз бири-бирибизден үйрөнүшүбүз зарыл. Биз алдыңкы тажрыйба менен бөлүшүшүбүз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

