Казакстан өнүмүнүн Моңголия рыногун багындыруусу жеңилдейт. Мажилистин Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөр менен Моңголиянын ортосундагы Убактылуу соода келишимин кабыл алышынын аркасында ата мекендик өнүмдү илгерилетүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Аталган документ өз ара соода-сатык көлөмүн арттырууга жаңы түрткү берет. Ал ар бир тарап үчүн бажы алымы кыйла төмөндөтүлө турган 367 товардык позицияны камтыйт.
Жанель Кушукова, Соода жана интеграция вице-министри:
- Макулдашуу 3 жылга түзүлөт. Дагы 3 жылга автоматтык
түрдө узартылат. Макулдашуунун алгачкы 3 жылынан кийин биз эркин соода жөнүндө
макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайбыз. Ошондой эле макулдашуу техникалык,
санитардык жана фитосанитардык чаралар, бажы кызматташтыгы, ички рынокту коргоо
чаралары сыяктуу башка да соода маселелерин камтыйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

