Домбурачылар Нооруз майрамынын урматына Казакстандын рекордун жаңылашты

Домбурачылар Нооруз майрамынын урматына Казакстандын рекордун жаңылашты

Алматыда «Домбра үнү» аттуу масштабдуу флешмоб өттү. 11 миңден ашуун окуучу бир убакта казактын белгилүү күүлөрүн чертишти. Ошентип рекорд жаңыланды. Масштабдуу иш-чарага шаардагы 200дөн ашуун мектеп жана билим берүү уюму катышты.

Сакен Аралбаев, Алматы шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу:

– Иш-чаранын максаты бул өспүрүмдөр арасында улуттук баалуулуктарыбызды даңазалоо. Улуттук брендибиз болуп саналган кара домбрабызды кеңири жайылтуу.

Адель Кулмаханова, окуучу:

– Рекорд орнотууга салым кошконума абдан кубанычтамын. Мен домбрага үч жашымдан баштап катышкам. Биздин мектепте домбра ийрими бар. Бул иш-чарада Адай, Балбырауын, Еркесылкым, Ата толгоосу күүлөрүн аткаруу үчүн бир жума даярдандык.

Музыкалык программада казактын классикалык күүлөрү жана белгилүү композиторлордун чыгармалары аткарылды.

Буга чейин, өлкөдөгү рекорд Талдыкоргонда жаңыланып, бир учурда 5 миң адам күү черткен эле.

Которгон: Илгиз Жамалбеков