Жаңы Конституция боюнча референдумдун участоктору бүгүн дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө иштеп жатат. Алар Республиканын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн аймактарында уюштурулган. Биринчилерден болуп Түштүк Кореяда жана Жапонияда жүргөн казакстандыктар добуш беришти. Токиодо эртең менен «Нихон» университетинин студенти Жибек Айдын жарандык жоопкерчилигин аткарды. Ал кабыл алынган чечим Казакстандын туруктуу жана динамикалуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп ишенет.
Жибек Айдын, Казакстан жараны:
– Мен бүгүн жаңы Конституция боюнча республикалык референдумга катышуу үчүн келдим. Бул чечим өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн маанилүү. Муну өзүмдүн жарандык милдетим деп эсептейм жана мындай учурда ар бир жаран өзүнүн активдүү позициясын көрсөтүшү керек. Биз үчүн бул жөн гана добуш берүү эмес, жоопкерчиликтүү катышуу.
Бакытжан Суюндиков, Токио шаарындагы №425 референдум участкалык комиссиясынын төрагасы:
– Токиодо №425 референдум участкасы жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 7де ишин баштады. Азыр добуш берүү процесси жүрүп жатат. Казакстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Жапонияда убактылуу жашап жаткан жарандарыбыз үчүн алардын конституциялык укуктарын ишке ашырууга бардык шарттар түзүлгөн. Биз бүгүн добуш берүүгө катышуу үчүн көптөгөн мекендештерибиз, айрыкча жаштар элчилик менен байланышып, катталгандыктан, катышуу жогору болот деп күтүп жатабыз.
Казакстандыктар Кытайда, Сингапурда, Монголияда, Малайзияда, Таиландда, Вьетнамда, Индонезияда, Индияда, Орусияда, Азербайжанда, Арменияда, Грузияда, Борбордук Азия өлкөлөрүндө жана Пакистанда добуш беришүүдө. Саида Жанпеисова Исламабадда 8 жылдан бери жашайт. Анын айтымында, ал өз тандоосун жасоо үчүн участкага келген.
Саида Жанпеисова, Казакстан жараны:
– Бүгүн мен Казакстандын элчилигине жаңы Конституциясы боюнча референдумга добуш берүү үчүн келдим, муну өз өлкөмдөн алыс болсом дагы, өзүмдүн милдетим деп эсептейм. Кандай болгон учурда да бул менин милдетим, менин позициям.
Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти жана World Boxing эл аралык уюмунун президенти Геннадий Головкин Бангкоктогу №453 референдум участкасында өз добушун берди. Ал жарандардын өлкө үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Референдум мамлекеттин мындан аркы өнүгүүсүндө жана чыңдалышында маанилүү роль ойнойт деген пикирин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

