БШК референдумга даярдык көрүүдө; чет элдик байкоочулар аккредитациядан өтүштү

БШК референдумга даярдык көрүүдө; чет элдик байкоочулар аккредитациядан өтүштү

Казакстанда жалган куран айынын 15де жаңы Конституция боюнча республикалык референдумдун өтүшүнө 359 чет элдик байкоочу көз салат. Алар 38 мамлекеттин жана 11 эл аралык уюмдун өкүлдөрү, анын ичинде КМШ байкоочулар миссиясы, ЕККУ, ШКУ, Ислам кызматташтык уюму, Түрк мамлекеттер уюму, Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу жана башкалар. Борбордук референдум комиссиясы белгилегендей, эл аралык байкоочуларды аккредиттөө аяктады. Республиканын Борбордук референдум комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдировдун айтымында, аккредиттөө өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сунушунун негизинде жүргүзүлдү. Байкоочулар добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүшөт, ошондой эле референдум өткөрүлгөн күнү белгиленген процедуралардын сакталышына көз салышат.


Нурлан Абдиров, борбордук референдум комиссиясынын төрагасы:


Ошондой эле башка өлкөлөрдүн борбордук шайлоо органдарынын кесиптештерибиздин катышуусун белгилеп, аларга Казакстанда өткөрүлгөн шайлоо жана референдум өнөктүктөрүнө туруктуу кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Мисалы, референдумду өткөрүүгө 15 мамлекеттин борбордук шайлоо органдарынын өкүлдөрү катышат, анын ичинде Азербайжан, Албания, Армения, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркиянын шайлоо комиссияларынын төрагалары да болот.


Которгон: Илгиз Жамалбеков