Аймактарда Жаңы Конституциянын долбоору талкууланууда

Аймактарда Жаңы Конституциянын долбоору талкууланууда

«Адилеттүү жана Прогрессивдүү Казакстандын Элдик Конституциясы үчүн!» Жалпы улуттук коалициясы Жамбыл облусунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууда Мажилис Төрагасы Ерлан Кошанов Жаңы Конституция долбоорунда ар бир адам өзү үчүн маанилүү суроолорго жооп таба алаарын айтты. Себеби, документте «адам мамлекет үчүн эмес, мамлекет адам үчүн» деген принцип анык жазылганын белгиледи. Жалпы жолугушуунун жүрүшүндө коалиция мүчөлөрү жаңы Баш мыйзам долбоорунун негизги жаңылыктары тууралуу айтып беришти.

Ерлан Кошанов, Парламент межилисинин төрагасы:

– Референдум улутубуздун биримдигин, бүтүндүгүн айгинелейт. Бул президенттин элине таянарын, ал эми эл президентине ишенерин көрсөтөт. Мындай мисалдар дүйнөдө да жетиштүү. Мисалы, 19-кылымдагы Швейцариядагы Конституция боюнча референдум, Франциядагы 5-Республика боюнча өткөн референдум бүгүнкү күндө дүйнө жүзү тарыхында турат. Алдыдагы биздин референдум да өлкө тарыхында алтын тамгалар менен жазыла турган, өзгөчө орун ала турган окуяга айланат деп эсептейбиз. Ошондуктан тандоо да, акыркы чечим да өздөрүңүздөрдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков