Атом энергетикасы боюнча адистер «Болашак» программасынын алкагында билим алышат. Бул тууралуу чет өлкөдө кадрларды даярдоо боюнча республикалык комиссиянын кезектеги отурумунда маалымдалды. Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Кариндин төрагалыгы менен өткөн жыйында эл аралык предметтик олимпиадалар менен илимий долбоорлор сынактарынын тизмеси каралды. Эми аталган интеллектуалдык таймаштардын жеңүүчүлөрү стипендияга талапкер боло алышат. Тизмеге математика, физика, химия, биология жана башка да жалпы билим берүүчү предметтерден өтүүчү эл аралык олимпиадаларды кошуу сунушталды. Буга байланыштуу, кийинки 3 жылда 76 казакстандык окуучу ушул сыяктуу билим таймаштарынын байге ээси атанганын айта кетүү керек. Отурумдун жүрүшүндө программага жаңыдан кошулган атом тармагынын кызматкерлерине коюлуучу талаптар талкууланды. Квалификациясы жогору кадрларды даярдоо ата мекендик атом өнөр жайын сапаттуу өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болот. Жыйын соңунда сынактык тандоонун механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

