Астанада кыргыз киносунун күндөрү өттү. Аны режиссёр
Актан Арым Кубаттын «Кара, кызыл, сары» тасмасынын премьерасы ачты. Тасма башкы
каарман аркылуу килем токуунун уникалдуу өнөрүн гана эмес, ар кандай
тагдырларды, тандоону жана сүйүүнү баяндайт. Маданий иш-чаранын экинчи күнү
программа «Качкын» драмасы менен уланды. Картиналар эл аралык
кинофестивалдардын жеңүүчүлөрү, алар казакстандык көрүүчүлөрдүн да кызыгуусун
жаратты. Бул иш-чара Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы гуманитардык
байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган маданий программанын бир бөлүгү болуп
калды.
Кудайберген Базарбаев, Кыргыз Республикасынын
Казакстан Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- Акыркы убакта Кыргыз
Республикасы менен Казакстандын ортосундагы руханий-маданий байланыштарыбыз күч
алууда. Алар кыйла жигердүү жүрүп жатат жана бул чынында эле биздин
биримдигибизди, руханий тамырыбызды, казак эли менен кыргыз элинин ортосундагы
бир туугандык сезимибизди көрсөтүп турат. Мына ушундай маданий байланыштар
бизди өз ара байытып жатат.
Эрнист Абдирашитов, Кыргыз Республикасынын
Казакстан Республикасындагы элчилигинин 3-катчысы:
- Биз жыл сайын ушундай кино
күндөрүн өткөрөбүз. Мисалы, буга чейин «Бейиш эненин таманында» тасмасын
сунуштаганбыз. Ал бир нече мамлекетте, анын ичинде Казакстанда да тартылган. Экинчи
бөлүмү да бир нече өлкөдө, Казакстандын Жамбыл облусунун Тараз шаарында тартылган.
Мунун баары биздин элдерди жакындаштырат. Расмий премьерасы дагы Казакстанда
болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

