Конституциялык комиссияга жаңы Баш мыйзамдын долбоору
боюнча 10 миңге жакын сунуш түштү. Бул комиссия мүчөлөрүнүн, серепчилердин,
жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, бизнес-структуралардын демилгелери. Комиссиянын
ХІІ жыйынында өлкөнүн Конституциясынын жаңы редакциясы кеңири талкуудан
өткөндүгү, ал коомчулуктун чоң кызыгуусун жараткандыгы жана жарандардын
активдүү катышуусу менен коштолгондугу белгиленди.
Бакыт Нурмуханов, Конституциялык соттун төрайымынын орун
басары, Конституциялык комиссиянын мүчөсү:
- Конституция долбоорунун мамлекеттик жана орус
тилдериндеги тексттери мүмкүн болушунча өркүндөтүлдү. Аларда терминологиялык
жана семантикалык бирдейлик камсыздалды. Укуктук ченемдердин түзүлүшү
жеткиликтүү жана алардын мазмуну кеңири аудитория үчүн түшүнүктүү. Бул багытта
юристтерден жана лингвист адистеринен турган жумушчу топтордун чоң ишин өзгөчө
белгилегим келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

