Бүгүн Конституциялык комиссиянын 8-отуруму өттү. Комиссиянын төрайымы Эльвира Азимова катчылыкка e-Otinish платформасына учурда жарандардан жаңы Баш мыйзамга байланыштуу 4 миңден ашык сунуш келип түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, оң пикирлер менен катар Конституция долбоорунун айрым беренелерин тактоо боюнча конкреттүү жана мазмундуу сунуштар да келип жатат. Бүгүнкү отурумда өлкөнүн Башкы прокурорунун биринчи орун басары Жандос Өмиралиев 18-беренени тактап чыгууну сунуштады.
Жандос Өмиралиев, Башкы прокурордун биринчи орун басары:
- Бул берененин 2-бөлүгүндө «Соттун чечимисиз адамды мыйзамда каралган мөөнөттөн ашык кармоого болбойт» деп көрсөтүлгөн. Бирок орус тилиндеги котормосунда «мөөнөттөн ашык кармоо» деген чечүүчү түшүнүк көрсөтүлбөй калган. Кылмышты токтотуу, шектүүнү дароо обочолонтуу — укук коргоо кызматынын эң негизги милдеттеринин бири. Ошондон кийин гана сот аны кайтаруу менен кармоо жөнүндө чечим кабыл алат. Бул дүйнөлүк тажрыйба.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

