Астанада казак окумуштуулары чогулушту. Форумга АКШ, Улуу Британия, Германия, Франция жана Жапониядан келген казак окумуштуулары атайын чакырылган. Ядролук физика, нанотехнология, жасалма интеллект жана медицина жаатындагы адистер өз долбоорлорун тааныштырып, сунуштарын беришти. Казак тарап бул изилдөөлөргө колдоо көрсөтөт. Жыйында өз ара кызматташуунун көлөмү талкууланды. Форумда айтылган сунуштар жана илимий долбоорлор атайын жыйнакка топтолуп, китеп катары басылып чыгарылат. Бул материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуш катары жөнөтүлөт. Белгилей кетүүчү нерсе, «Мекендештер фонду» дүйнөнүн 7 өнүккөн өлкөсүндөгү мекендештердин илимий дараметин аныктоо үчүн изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Уюмдун маалыматы боюнча, алыска барып, илимий ачылыштары менен дүйнөгө белгилүү болгон казак окумуштууларынын саны 500дөн ашат.
Данияр Кадыров, «Мекендештер фондунун» президенти:
- Биз чет өлкөлөрдөн 12 өлкөдөн 40тан ашык окумуштууну чакырдык. Форумга 160тан ашык адам катышууда. Айрымдары, мисалы, бул жерде өз долбоорлорунун филиалдарын ачкысы келсе, башкалары өздөрү келип иштегиси келет. Биз муну карап чыгып, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз.
Задик Шенол, медицина илимдеринин доктору, нейрохирург /Германия/:
- Мен 25 жылдан бери ушул сыяктуу нейрохирургиялык иш менен алектенип келем. Бул тажрыйбам жана билимим менен бөлүшүүгө көп жолу аракет кылдым. Сырттан ушундай таланттарды алып келүү, алар менен байланыш түзүү, аларга көмөктөшүп, аларга ушундай мүмкүнчүлүктү берүү абдан маанилүү кадам деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

