Астанада серепчилер Конституциянын жаңы долбоорун талкуулады

Астанада серепчилер Конституциянын жаңы долбоорун талкуулады

Казакстанда көңүл борборунда – жаңы Конституциянын долбоору. Серепчилердин пикиринде, коомдогу мындай кеңири талкуу «Элдин үнүн уккан мамлекет» концепциясынын тажрыйба жүзүндө ишке ашырылышын көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Президенттик борбордогу жолугушуунун катышуучулары өлкөнүн Баш мыйзамынын долбоорунда камтылган жоболорду талдап, оң баасын беришти. Айрыкча, талдоочулар жеке жашоонун кол тийбестигине, санариптик чөйрөдөгү жеке маалыматтарды коргоого, ошондой эле адвокатуранын ролун бекитүүгө багытталган ыкмалардын маанилүүлүгүн баса белгилешет.

Есберген Алауханов, Юридика илимдеринин доктору, профессор:

- Жаңы Конституциянын долбоорунда адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого жана адвокатуранын ролуна арналган кеңири бөлүм бар. Бул абдан туура чечим деп эсептейм. Бүгүнкү күндө Баш мыйзамдын долбоорунда дал ушул кепилдиктер күчөтүлүүдө. Казакстандын эң чоң байлыгы – анын эли. Биз аларга каалаган убакта акысыз юридикалык жардам көрсөтө алабыз.

Мажилис депутаты Ерлан Саировдун айтымында, саясий өнүгүүнүн сапаттык жаңы этабына кирип жаткан Казакстан акыркы он жылдыкта дүйнөдө болгон масштабдуу геосаясий өзгөрүүлөрдү эске алышы керек.

Ерлан Саиров, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Бизге туруксуз мезгилде өлкөбүздүн туруктуулугун сактоочу, мамлекеттик кызыкчылыктарды эске алган документ керек. Мына ушул жагдайда жаңы Конституция өлкөнүн ичинде туруктуулукту камсыздайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков