Кызыгууну
аныктоо менен психологиялык жардамдан баштап, кесип тандоого чейин – мунун
баарын ата мекендик жасалма интеллект платформасы аркылуу аткарууга мүмкүн болот.
Казакстандык WeGlobal.ai ойлоп табуусу өспүрүмдөрдү кызыктырган кесипти эрте
жаштан аныктап, кошумча көңүл бурууну талап кылган багыттарды көрсөтөт.
Жалпысынан алганда, буга чейин мектепте баланын психо-эмоционалдык абалын
баалоо айына бир нече жолу жүргүзүлсө, мындан ары муну бир тесттин жардамы
менен аныктоого болот. Бул педагогдорго ар бир окуучуга керектүү жеке окуу
программасын тандап, ылайыкташтырууга мүмкүнчүлүк берет. Пилоттук сыноо
учурунда EdTech стартап өз натыйжалуулугун
тастыктап, суроо-талап жаратты. Азыр инновациялык долбоорду Казакстан боюнча
миңге жакын окуу жайы колдонууга киргизген. Мындан тышкары, платформа чет элдик
билим берүү уюмдарынын кызыгуусун арттырууда.
Акжол Замбаев,
WeGlobal AI долбоорунун негиздөөчүсү, башкы мүдүрү:
- Биздин
платформага Өзбекстандан да кызыгуу болуп жатат. Азыркы кезде жергиликтүү
өнөктөштөрүбүз менен бирге Ташкент шаарында өзүбүздүн платформабызды ишке
ашырганы жатабыз. Үчтүн айынын 21де
Англияга учканы жатабыз. Ал жакта да мектептерден суроо-талаптар бар.
Astana
Innovations Accelerator катышуучуларынын арасынан дагы 13 стартап өзүнүн
жашоого жөндөмдүүлүгүн далилдеп, кеңири масштабда ишке кирүүгө даяр. Долбоорлор
медицина, билим берүү, шаар инфраструктурасы жана коопсуздугу багыттарында
чечимдерди сунуштаган. Astana Hub өкүлдөрү алгач программага катышууга 160 арыз
келип түшкөнүн, анын ичинен 21 технологиялык чечим тандалып алынганын айтышат.
Командалар 8 апта бою өз өнөрлөрүн борбор калаанын керектөөлөрүнө
ылайыкташтырган. Азыр алар Астананын шаардык мекемелеринде пилоттук режимде
колдонулууда.
Ашимбек Абылгазинов,
Astana Hub Бизнес программалар кеңсесинин башкы менеджери:
- Бул
өткөрүлгөн пилоттун аркасында келечекте жаңы тендер уюштурулуп, жаңы багыттар
ачылат. Бюджетти төмөндөтүү үчүн, экономия болуу үчүн, ар кандай чаралар
изделет. Ошонун ичинде бул стартаптар өздөрүнүн долбоорлору менен көмөгүн
көрсөтө алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

