АКШ-Казакстан: Президенттер телефон аркылуу сүйлөштү

АКШ-Казакстан: Президенттер телефон аркылуу сүйлөштү

Касым-Жомарт Токаев менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Казакстан менен АКШ Президенттери эки тараптуу күн тартиби жана эл аралык кырдаал, анын ичинде Украина маселеси боюнча пикир алмашышты. Мамлекет башчысы ушул жылдын жетинин айында Вашингтонго болгон сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды толук ишке ашырууга даяр экенин ырастады. Ал Украинадагы жаңжалды жөнгө салуунун татаалдыгын баса белгиледи. Ошондуктан Казакстан бардык тиешелүү тараптарды сабырдуулукка, ийкемдүүлүккө, кесипкөйлүккө чакырып, тынчтыктын формуласын издөөнү улантууга үндөйт. Казакстан  ортомчу эмес, бирок жакшы ниеттин духунда сүйлөшүү аянтчасын берүүгө даяр. Касым-Жомарт Токаев Америка президентинин көрүнүктүү лидерлик сапаттарын белгилеп, бул ага бир катар эл аралык аскердик жаңжалдарды аягына чыгарууга жана АКШнын ички дараметин күчөтүүдө натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк бергенин айтты. Мамлекет башчысы Дональд Трампты Казакстанга чакырып, бул окуя тарыхый болоруна ишенимин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков