Азия
инфраструктуралык инвестиция банкы – Казакстандын инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашыруудагы
стратегиялык маанилүү өнөктөшү. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев банктын
президенти Цзоу Цзяи менен жолугушууда белгиледи. Мамлекет башчысы өнөктөштүк боюнча келишимге кол коюлганын
кубаттады. Ал экономикалык өнүгүүгө жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого
өбөлгө түзөт.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Биз банк менен
биргеликте жалпы суммасы 2,6 миллиард доллардан ашкан 9 долбоорду ишке ашырып
жатабыз. Булардын баары биздин мындан аркы байланыштарыбыздын жана өз ара
аракеттенүүбүздүн маанилүү элементтери болот деп ишенем.
Тараптар өз ара аракеттенүүнүн мүмкүнчүлүгү абдан жогору
экенин белгилешти. Казакстан жакынкы жылдары инфраструктуралык тармакты
модернизациялоону көздөөдө. Белгилей кетсек, азыр Азия инфраструктуралык
инвестициялар банкы Казакстандагы бир катар ири долбоорлорду каржылап жатат.
Алардын катарында шамал электр станциясын, Жезказган – Караганды, Актөбе –
Карабутак – Улгайсын автоунаа жолдорунун тилкелерин жана Алматыны айланып
өтүүчү темир жолду куруу бар.
Цзоу
Цзяи, Азия
инфраструктуралык инвестициялар банкынын президенти:
- Баарынан мурда жылуу
сөздөрүңүз жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкына көп жылдык
колдооңуз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Мага Казакстан жана башка
акционерлер көрсөткөн ишенимге ыраазымын. Банктын биринчи он жылдыктагы
жетишкендиктерине негизделген ишмердүүлүгүнүн улантылышын камсыздайм, ошондой
эле кардарлардын өзгөрүп жаткан муктаждыктарына ыкчам жооп берүү үчүн өнүгүүгө умтулам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

