Казакстан «Болашак»
эл аралык программасынын алкагында жасалма интеллект жана атом энергетикасы
тармагында адистерди даярдоону баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик кеңешчи Ерлан
Кариндин төрагалыгы алдында өткөн Чет өлкөдө кадрларды даярдоо боюнча
республикалык комиссиянын отурумунда белгилүү болду. Быйыл сынактын эрежелери
өзгөрдү. Эми талапкерлер үч этаптан турган тандоодон өтүшөт. Анын жыйынтыгы
боюнча бүгүнкү күндө 225 казакстандыкка «Болашак» стипендиясы дайындалды.
Алардын 152си – магистратурада, 16сы докторантурада окуйт. Ал эми 57 мекендеш чет
элдик университеттер менен борборлордо кесиптик тажрыйбадан өтөт. Мындан
тышкары, 182 казакстандык дүйнөнүн алдыңкы илимий жана изилдөө борборлорунда
тажрыйбадан өтүүгө грант алды. 2026-жылы кесиптик тажрыйбадан өтүүчүлөр үчүн «Жасалма
интеллект системасын пайдалануучулар» деген жаңы категория бекитилди. Программанын
алкагында атом энергетикасы тармагындагы адистер да даярдалат. Жыл сайын бул
багытка 20 квота бөлүнөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

