«Адал азамат» программасы кеңири жайылат

«Адал азамат» программасы кеңири жайылат

Жалпы улуттук баалуулуктарга негизделген «Адал азамат» тарбия программасы билим берүү мекемелерин, анын ичинде жеке менчик мектептерди да толук камтууга тийиш. Бул боюнча мамлекеттик кеңешчи жыйын өткөрдү. Ерлан Карин билим берүү уюмдарындагы тарбия иштеринин натыйжалуулугун арттыруу үчүн колдонуудагы ыкмаларды өркүндөтүүнүн актуалдуу экенине көңүл бурду. Ал мекемелер ортосундагы тыгыз байланыш менен мугалимдерди методикалык жактан туруктуу түрдө колдоо тарбия иштеринин сапатын арттырарын айтты. Ошондой эле, бул ишке ата-энелерди тартуу маанилүүлүгүнө токтолду. Ерлан Карин жыйындын жыйынтыгы боюнча аталган милдеттерди ыңгайлуу уюштуруу максатында Окуу-агартуу министрлигине конкреттүү тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков