Казакстанда медициналык маалыматтардын бирдиктүү
сактагычы түзүлөт. Тармак министрлиги жаңы системаны толук калыптандыруу иштери
2026-жылы аяктай турганын билдирди. Ошону менен катар, азыр өлкөдөгү дарылоо
уюмдарында Face ID системасы киргизилип жатат. Бул бүгүнкү күндө медициналык
мекемелер тарабынан каттоолордун санын 7% төмөндөтүүгө жана бюджеттик
каражаттын болжол менен 10,5 млрд теңгесин үнөмдөөгө мүмкүндүк берди. Мындан
тышкары, медициналык кызматтардын сапатына мониторинг жүргүзүү жана акы төлөө
бирдиктүү санариптик контурга бириктирилген. Жаңы модуль төлөм документтеринин
санын 9дан 3кө чейин кыскартты. Андан тышкары, сатып алуу, кызматтарга акы
төлөө сыяктуу башка да негизги бизнес-процесстер санариптештирилди. Жалпысынан
бүгүнкү күндө Казакстанда медициналык жардамдын 92% автоматтык түрдө ишке
ашырылат. 2026-жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 100% жеткирүү
пландаштырылууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

