Жаңы Конституция боюнча референдум: алдын ала жыйынтыктар жарыяланды

Жаңы Конституция боюнча референдум: алдын ала жыйынтыктар жарыяланды

«Казакстанда жаңы Конституция боюнча республикалык референдум аяктады. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы бир жуманын ичинде жарыяланат. Борбордук референдум комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча, добуш берүүчүлөрдүн үлүшү 73%дан ашты. Референдумга бардыгы 9 млн 126 миңден ашык казакстандык катышты. Эң жогорку активдүүлүк көрсөткөн Кызылорда облусунда тургундардын 93%дан ашыгы добуш берди. Ошондой эле Актөбе жана Чыгыш Казакстан аймактары да алдыда — бул облустарда келүүчүлөрдүн саны 86%дан ашты. Астанада жарандардын 60%дан, Алматыда 33%дан ашыгы добуш берген. Exit poll жыйынтыктары казакстандыктардын көпчүлүгү өлкөнүн жаңы Баш мыйзамын колдогонун көрсөтүүдө. Айталык, Евразиялык интеграция институту жаңы Конституция 87% колдоо тапканын болжолдойт. «Социс-А» комплекстүү социалдык изилдөөлөр институтунун exit poll корутундусу боюнча, жарандардын 87,5%ы колдоо көрсөткөн. Коомдук саясат институту жаңы Конституциянын кабыл алынышын сурамжылоого катышуучулардын 89%га жакыны колдогонун билдирет».

Которгон: Илгиз Жамалбеков