Түркмөнстандын
борборунда өнөр жайчылар менен ишкерлердин көргөзмөсү ачылды. Ашхабаддагы
экспозицияда жергиликтүү 100дөн ашык алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн өнүмдөрү коюлган. Мында
белгилүү бренддер гана эмес, жаңыдан иштеп баштаган компаниялар да бар. Алар
текстиль, тиричилик химиясы, курулуш материалдары, ошондой эле ички рынокто да,
чет өлкөлөрдө да талап кылынган эл аралык стандарттарга жооп берген башка
товарларды алып келишти. Мындан тышкары, келгендер салттуу түркмөн буюмдары
менен тааныша алышат. Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмө өлкөнүн бай маданий
мурасын баса белгилеп, салттар менен заманбап ишкердиктин шайкеш айкалышын
көрсөтөт.
Реджепмурат Ханов, ишканынын адиси:
– Биз ири мүйүздүү малды багууга
адистешкенбиз, ошондой эле майда мал менен да алектенебиз. Канаттуулар чарбасына
да өзгөчө көңүл бурулат. Комплекстин базасында бөдөнө, тоок, кекилик, өрдөк
жана кыргоол багабыз.
Гурбангельды
Пириев, «Turkmen Enjam» чарбалык коомунун өкүлү:
– Иштердин толук циклин аткарабыз –
долбоорлоодон баштап заводдорду жана өнөр жай объекттерин толук ишке киргизүүгө
чейин. Биздин максат – жөн гана объекттерди куруу эмес, узак мөөнөттүү
келечекте туруктуу өнөр жай инфраструктурасын түзүү болуп саналат.
Таджигуль Курбанова, «Дизайн плюс»
элдик-колдонмо чыгармачылык боюнча демилгелүү топтун жетекчиси:
– Биз маданий мурасты сактап калууну
улантып, анын негизинде бүткүл дүйнөгө кызыктуу болгон чыгармачылыктын жаңы
багыттарын түзүп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

