АКШнын Президенти Дональд Трамп Мамлекет башчысына символикалык белектерди
берип жиберди. Бул Ак үйдүн ачкычы жана кол тамгасы бар баш кийим. Бул тууралуу
президенттин жардамчысы – маалымат катчысы Руслан Желдибай билдирди. Ишеним
грамоталарын тапшыруу аземинен кийин АКШдагы Казакстандын элчиси Магжан Ильясов
менен сүйлөшүү учурунда америкалык лидер Касым-Жомарт Токаев менен жетинин
айында болгон жолугушуусу тууралуу таасирлери менен бөлүштү. Дональд Трамп ага
болгон сый-урматын баса белгилеп, аны эл аралык процесстерди терең жана
салмактуу түшүнгөн тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер катары мүнөздөдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

