«Silk Way Star» эл аралык сынагынын жеңүүчүсү Мишель Джозефти Моңголиянын президенти Ухнаагийн Хүрэлсүх сыйлады. Жаш ырчы өз өлкөсүнүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири "Алтын темирказык" орденинин ээси болду. Мишель өз өлкөсүндө өзгөчө чыгармачылыгы менен таанымал. Ал моңгол элдик ырларын поп, R&B жана фанк элементтери менен чебер айкалыштырат. Бул сыйлык - ырчынын Моңголия маданияты менен искусствосуна кошкон зор салымынын айкын көрүнүшү болуп саналат. Жогорку сыйлык Моңголиянын Улуттук эркиндик жана көз карандысыздыкты калыбына келтирүү күнүнүн 114 жылдыгына карата тапшырылды.
Мишель Джозеф, Silk Way Star жеңүүчүсү, Монголия:
- Президент орденди тапшырып жатып: «Алтын казык
жылдызындай жаркыра» деди. Бул сөз менен айтып жеткире алгыс өзгөчө сезим. Эл
аралык сахнада менин атымдан көрө, элимдин аты аталганына кубанычтамын. Бул
сыйлык мени андан ары шыктандырып, жаңы бийиктиктерди багындырууга түртөт.
3 айга созулган Silk Way Star эл аралык ыр сынагы12 өлкөнүн өнөрпоздорун бир сахнада бириктирди. Долбоорго Кытай, Грузия, Кыргызстан, Малайзия, Армения сыяктуу өлкөлөрдүн өнөрпоздору катышты. Ал гранд-финалга болгону 7 ырчы жолдомо алып, моңголиялык Мишель Джозеф эң жогорку упай менен топ жарды. Сынактын бардык он эпизоду каналдан көрсөтүлдү. Гранд финалды тек гана казакстандык көрүүчүлөр эмес, ошондой эле Азербайжан, Тажикстан, Кыргызстан жана башка дагы өлкөлөрдөгү күйөрмандар түз эфирден күбө болушту. Мегадолбоор дүйнөнүн булуң-бурчунан баш аягы 120 млн көрүүчүнү камтыды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

