«Silk Way Star» эл
аралык мегадолбоорунун жеңүүчүсү, моңголиялык ырчы казак тилинде ыр жаздырды.
Мишель Джозефтин жаңы чыгармасы «Баала» деп аталат. Ырды жазууга казакстандык
композиторлор жана музыкалык продюсерлер катышкан.
Мишель Джозеф өзгөчө
чыгармачылыгы менен таанымал. Элдик ырларды поп, R&B жана фанк сыяктуу
заманбап жанрлар менен чебер айкалыштыра билет. Белгилей кетсек, моңголиялык
ырчы эл аралык «Silk Way Star» музыкалык сынагында 12 өлкөнүн өнөрпоздорунун
ичинен тандалып, финалда жеңүүчү аталган. Мишель Джозеф сынакка катышып жатып
бир нече жолу казак ырларын аткарып, ошондо эле келечекте казак тилинде ыр
жаздырсам деген кыялын айткан. Долбоордун кийинки сезону Кытайда өтөт.
Музыкалык таймаш Казакстан Республикасынын Президентинин Телерадиокомплекси
менен China Media Group кытай медиа корпорациясынын ортосундагы келишимдин
алкагында ишке ашырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

