Серепчилер Казакстандагы масштабдуу реформаны колдошууда

Серепчилер Казакстандагы масштабдуу реформаны колдошууда

Бир палаталуу Парламентке өтүү мыйзам чыгаруу процессин тездетет. Мындай пикирлерин жергиликтүү серепчилер билдирүүдө. Алар мындай тажрыйба көптөгөн дүйнө өлкөлөрүндө ийгиликтүү ишке ашырылганын белгилешет. Мисалы, бүгүнкү күндө 100дөн ашык мамлекеттин Парламенти бир палаталуу. Президент Касым-Жомарт Токаев Улуттук курултайдын бешинчи отурумунда Казакстандын жаңы мыйзам чыгаруучу органын «Курултай» деп атоону сунуштады. Ал 145 депутаттан турат. Депутат болуу үчүн сөзсүз түрдө партияга мүчө болуу керек. Эми өзүн-өзү көрсөтүү системасы иштебейт. Ошондой эле жаңы парламентте Президенттин жана Казакстан эли Ассамблеясынын квотасы болбойт.

Айгүл Куспан, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Биринчиден, парламент бир палаталуу болот, ал пропорционалдуу система боюнча шайланат. Башкача айтканда, парламентке саясий партиялар гана өз талапкерлигин коё алат. Ал үчүн саясий уюм мүчөсү кеминде шайлоочулардын бардык добушунун 5% алышы керек. Бизде партиялык система өнүгүүсүн улантууда. Азыркы учурда парламентте 6 партия бар, эми алардын катары андан да көп болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, Казакстанда Элдик кеңеш түзүлөт. Ал Улуттук курултайдын да, Ассамблеянын да ордун басат. Өлкөдөгү бардык этностордун, аймактардын жана коомдук топтордун пикирин эске ала турган жогорку консультативдик орган болот. Курамы 126 адамдан турат. Талдоочулар бул жөн гана пикир алмашуу аянтчасы эмес, өлкөнүн активдүү жарандарын бир максатка бириктирүү аракети деп эсептешет.

Алуа Жолдыбалина, Казакстан Республикасынын Президентинин алдындагы Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институту мүдүрүнүн орун басары:

- Бул элдик кеңеш. Анын ыйгарым укуктары азырынча толук ачыла элек. Бирок негизинен бул жерде Улуттук курултайдын деңгээлиндеги диалог аянты болот. Башкача айтканда, эл менен кеңешип көптөгөн реформалар, демилгелер же жаңычылдык, мыйзам долбоору болобу, ушул жерде талкууланат.

Жарандардын жеке санариптик маалыматтары мыйзам менен корголот. Бул тууралуу да Мамлекет башчысы Улуттук курултайда белгиледи. Эми жарандардын санариптик маалыматтары укуктук деңгээлде каралат. Адистердин айтымында, ар бир адам өз маалыматтарынын сакталышына, пайдаланылышына чектөө коё алат. Конституциялык реформанын жаңы үлгүсүндө санариптик коопсуздук маселесине өзгөчө маани берилет.

Гасыр Куралбай, IT адиси:

- Санариптик маалыматтарды коргоо маселеси техникалык же тармактык деңгээлден адам укуктарынын деңгээлине чейин көтөрүлүп жатат. Азыр санарип доору деп жатабыз, жасалма интеллект доору, келечекте келе турган коркунучтарга укуктук деңгээлде даяр болобуз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков