Референдум - Казакстандын өнүгүүсүндөгү тарыхый этап

Референдум - Казакстандын өнүгүүсүндөгү тарыхый этап

Сенат төрагасы жаңы Конституция долбоорунун негизги нормаларын жергиликтүү кеңештин депутаттары, аграрийлер, этномаданий бирикмелердин өкүлдөрү жана Жетису облусунун жаштары менен жолугушууда талкуулады. Маулен Ашимбаев конституциялык реформа стратегиялык жана тарыхый мааниге ээ экенин, демократиялык принциптерди бекемдөөгө жана саясий системаны комплекстүү жаңыртууга багытталганын белгиледи. Жогорку палатанын спикеринин айтымында, Конституция долбоорунда адамдык капитал, мамлекеттүүлүктү, көз карандысыздыкты жана суверенитетти бекемдөө, ошондой эле ички саясий туруктуулукту жана коомдук ынтымакты сактоо мындан аркы өнүгүүнүн негизги багыттары болуп саналат. Сунушталган өзгөртүүлөр мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу моделин түзүүгө жана бийлик институттарын ырааттуу трансформациялоону камсыздоого өбөлгө түзөт.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

- Жаңы Конституция боюнча республикалык референдум – бул мамлекет башчысы Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин өлкөнү терең жана системалуу модернизациялоо курсун ишке ашыруудагы тарыхый этап. Казакстандын келечеги жөнүндөгү негизги чечимдерди жарандардын эркин билдирүүсүнө таянуу менен кабыл алуу демократия принциптерине берилгендиктин ачык далили болуп саналат. Конституциялык реформанын артыкчылыктуу милдети – көз карандысыздыкты чыңдоо жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу. Буга байланыштуу жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда мыйзам үстөмдүгүнө жана укук тартибине, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өзгөчө көңүлбурулган.

Александр Хильниченко, «КТ Хильниченко и К» башкарма төрагасынын орун басары:

- Менин оюмча, реформалар өз убагындажүргүзүлүп жатат, анткени азыркы учурдадүйнөдө глобалдык жылыштар орун алууда жанабиздин мекен, албетте, бардыгына жетиши керек. Менин оюмча, Конституциялык реформа азыркыреалдуулукту жана өзгөрүүлөрдү чагылдырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков