Жаңы
Конституциянын долбоору боюнча референдум өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабын
аныктоочу маанилүү окуя. Бул тууралуу Жогорку Палатанын жыйынында Сенаттын
Төрагасы билдирди. Маулен Ашимбаев өз сөзүндө жаңы Баш мыйзамдын долбоору ачык
жана ар тараптуу талкууланганын, кылдат иштелип чыкканын белгиледи. Документти
талкуулоо учурунда жарандардын сунуштары мүмкүн болушунча эске алынды.
Палатанын спикери бул «Эл үнүн уккан мамлекет» концепциясынын конкреттүү
көрүнүшү экенин айтып, ошол аркылуу Адилеттүү Казакстандын конституциялык
модели калыптанып жатканына токтолду. Белгилей кетсек, жаңы редакция коомчулук
тарабынан кеңири талкууланды. Жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча 10 миңге жакын
өтүнүч түштү. Алар комиссия мүчөлөрүнүн, жарандык коом өкүлдөрүнүн, серепчилердин,
бизнес түзүмдөрүнүн сунуштары.
Маулен Ашимбаев,
Парламент Сенатынын Төрагасы:
- Бул жерде
Конституциялык комиссиянын жана анын курамындагы Парламент депутаттарынын
талыкпаган эмгегин өзгөчө белгилеп кетүү зарыл. Келечекте Сенат депутаттары
жаңы Баш мыйзамыбыздын жоболорун түшүндүрүү иштерине жан дили менен катышат деп
ишенебиз. Ушуга байланыштуу, Адилеттүү Казакстандын бекем негизин түптөө
мезгилинде бардык казакстандыктар өз мекенчилдигин жана жарандык позициясын
билдирип, референдумга активдүү катышат деп ишенебиз жана ошого чакырабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

