Бүгүн бүткүл Казакстан боюнча 10 миңден ашык участкалар иштеп жатат. Айрымдарында Жаңы Конституциянын долбоору боюнча добуш берүү үчүн кичинекей кезектер пайда болгон. Кызылорда облусунун тургундары дагы өз тандоосун жасашууда. Бул күнү согуштун 105 жаштагы ардагери Яхия Тасыров участкага келди. Ошентип, кадырлуу аксакал башкаларга үлгү көрсөттү. Ардагер мурдагыдай эле коомдук турмуштан четте калбай турганын айтат.
Яхия Тасыров, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери:
– Мен референдумга добуш бердим. Өлкөбүздө дайыма тынчтык болушун жана Казакстан гүлдөп өсүүсүн каалайм.
Республикалык референдум күнү Маңгыстау облусунан келген Мухтаровдордун үй-бүлөсү үчүн кош майрамга айланды. Бүгүн эртең менен алардын тогузунчу баласы – төрт килограммдан ашык салмактагы чыныгы баатыр төрөлдү. Ага символикалык мааниге ээ Атазаң деген ысым ыйгарылды, бул которгондо Баш мыйзам дегенди билдирет. Ата-энеси аны кокусунан тандашпаганын айтат. Алар уулунун тагдыры мамлекет курулган Конституция сыяктуу эле күчтүү жана ишенимдүү болот деп ишенишет.
Айнур Мухтарова, апасы:
– Менин кубанычымда чек жок. Бүгүн, ушул өзгөчө күндө биздин наристебиз жарык дүйнөгө келди. Үй-бүлөбүз менен кеңешип уулубузга Атазаң деген ысым ыйгарууну чечтик.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

