Касым-Жомарт
Токаев антитеррордук бөлүктөрдүн UAE SWAT Challenge-2026 эл аралык мелдешинде
жакшы жыйынтыкка жеткен казакстандык командаларды куттуктады. Дубайда
Kazakhstan C командасы абройлуу турнирдин абсолюттук жеңүүчүсү болду, ал эми
Kazakhstan А жалпы эсепте 2-орунду ээледи. Белгилей кетсек, эл аралык мелдешке
48 өлкөдөн 109 команда катышты. Казакстандын Президенти Мамлекеттик күзөт
кызматынын, ИИМдин, Улуттук коопсуздук комитетинин жоокерлеринин мыкты
кесиптик, физикалык жана аскердик даярдыгын, ошондой эле алардын жеңишке болгон
эрки менен патриотизмдин бийик духун белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

