Казакстандын
жаңы Конституциясынын долбоору боюнча Республикалык референдум жалган куран айынын 15де өтөт. Тиешелүү жарлыкка Мамлекет
башчысы кол койду. Бюллетенде: «Сиз жаңы Конституцияны кабыл аласызбы?» деген
бир гана суроо болот. Белгилей кетсек, өлкөнүн Баш мыйзамынын долбоору бүгүн
казакстандык ЖМКларда расмий жарыяланды. Республикалык референдумду даярдоо
жана өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлдү, ал эми өкмөт жана
жергиликтүү аткаруу органдары зарыл болгон колдоону көрсөтүшү керек. Эске сала
кетсек, кечээ Конституциялык комиссия Мамлекет башчысына 12 жыйындын жыйынтыгы
боюнча иштелип чыккан жаңы Конституциянын акыркы долбоорун сунуштады. Жаңы
Конституциянын тексти өткөн жылдын тогуздун
айынан бери eGov жана e-Otinish порталдары аркылуу
жарандардын жана серепчилердин
сунуштарынын негизинде даярдалган. Ошондой эле долбоорго парламенттик реформа
боюнча жумушчу топ тарабынан тогуздун
айынан үчтүн айына чейин иштелип чыккан ыкмалар эске
алынган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

