Президент Мохаммед Абдельсалам менен жолугушту

Президент Мохаммед Абдельсалам менен жолугушту

Касым-Жомарт Токаев Мусулман аксакалдар кеңешинин башкы катчысы Мохаммед Абдельсалам менен жолугушту. Президент Борбордук Азиядагы Кеңештин биринчи өкүлчүлүгүнүн өлкөдө ачылышын чоң канааттануу менен кабыл алганын билдирип, эл аралык аренада таанылган абройлуу жана таасирдүү институттун колдоосу астында ишке ашырылып жаткан маанилүү демилгелерди жана долбоорлорду колдой турганын билдирди. Өз кезегинде башкы катчы өлкөнүн Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтыкты жөнгө салуу аракетин жогору баалады. Жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев Кеңештин президенти, «Аль-Азхар» университетинин Жогорку имамы шейх Ахмед ат-Тайебге салам жолдоду. Ал эми Мохаммед Абдельсалам диндер аралык диалогду өнүктүрүүгө жана гуманитардык баалуулуктарды бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн I даражадагы «Достук» ордени менен сыйланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков