Казакстандагы
Qarmet компаниясынын айланасында ири металлургиялык кластер курулуп жатат. Бул
чакан жана орто ишканалардын чийки затты терең иштетүү менен алектенүүсүнө
мүмкүндүк берет. Программа «Байтерек» улуттук инвестициялык холдинги менен
бирге ишке ашырылат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда
компаниянын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы маалымдады. Ошондой эле, Андрей
Лаврентьев 9 ири инвестициялык долбоорду камтыган комплекстүү программаны
жүзөгө ашыруу тууралуу баяндады. Бул демилге өлкөдөгү болот өндүрүшүн
системалап, металл прокаты импортун төмөндөтүүнү көздөйт. Мындан тышкары,
болоттун жогорку сапаттагы жаңы маркаларын, анын ичинде атом электр
станциясынын курулушуна арналган өнүм чыгаруу жолго коюла баштады. Жалпысынан
компаниянын ишинде өнүгүү байкалат. Эки жылда болот өндүрүшү 22%, көмүр
концентраты 26%, темир кени 32% артты. Өнүмдүн өздүк наркы 28% арзандап,
чыгарыла турган маркалардын түрү 260тан 350гө чейин көбөйдү. Мамлекет башчысы
Qarmet металлургиялык комплексинде аткарылган ишке оң баасын берип, өнүгүү
планына колдоосун билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

