Казакстанда өндүрүлгөн бардык электр энергиясынын 7% ашыгы кайра жанма энергия булактарынан алынат. Бүгүнкү күндө республикада шамал, суу жана күндөн альтернативдүү энергия иштеп чыгаруучу 159 станция иштейт. Быйыл гана Караганды, Маңгыстау, Улытау жана Кызылорда региондорунда жалпы кубаттуулугу 266 МВт кайра жанма энергия булактарынын объекттери пайдаланууга берилди. Бул тармакка «жашыл» технологиялар киргизилгенин, Казакстандын бул багыттагы инвестициялык жагымдуулугу жогорулаганын көрсөтүп турат. Өлкөнүн Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, энергияны сактоо тутумдары бар гигаваттык класстагы шамал электр станциясын куруу үчүн биринчи ири аукционду өткөрүү дагы тармактын дараметин жогорулатуу үчүн маанилүү кадам болду. Адистер бул масштабдуу долбоор өлкөнүн туруктуу энергетикалык тутумун калыптандырууга жаңы дем берет деп ишенет.

