2026-жылдын үчтүн айынын биринен баштап Казакстан
санариптештирүүнүн бирдиктүү үлгүсүнө өтүүнү баштайт. Президент тиешелүү
Жарлыкка кол койду. Бардык мамлекеттик мекемелер жана квазимамлекеттик сектор
жаңы санариптик чечимдерди QazTech платформасы негизинде гана иштеп чыгууга
милдеттендирилди. Бул кадам кайталануучу функцияларды жоюуга, көзөмөлдү
жеңилдетүүгө жана санариптик чечимдерге жумшалган бюджет чыгымын
оптималдаштырууга багытталган. Ошентип, алдыда мамлекеттин бардык санариптик
инфраструктурасы жалпы коопсуздук жана шайкештик стандартына ылайык курулат.
Шавкат Сабиров, Казакстандын Интернет бирикмесинин
президенти:
- Бул санариптик трансформацияны так баалоо мүмкүнчүлүгү, бардык жаңы системалар жаңы платформага негизделет. Мындагы башкы максат - системалардын бири-бирин кайталоосун болтурбоо. Ал эми азыр, биздин электрондук өкмөт жана бардык мамлекеттик мекемелер QazTech жаңы платформасына өтөрү жарыяланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

