Өкмөттө мунай-газ тармагынын негизги долбоорлору талкууланды

Өкмөттө мунай-газ тармагынын негизги долбоорлору талкууланды

Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов ExxonMobil компаниясынын улук вице-президенти Питер Ларден менен жолугушту. Тараптар мунай-газ тармагындагы кызматташтык, Теңиз, Кашаган жана Каспий куур консорциуму сыяктуу биргелешкен долбоорлорго байланыштуу бир катар маселелерди талкуулады. Өкмөт башчысы Теңиздеги абалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Кыска мөөнөттө кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу жана мындай окуялардын алдын алуу үчүн зарыл чараларды көрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Тараптар Каспий куур консорциумунун туруктуу иштешине орток кызыгуучулук билдирип, кендерди өздөштүрүү жана геологиялык чалгындоо иштерин өнүктүрүү маселелерин карады. Былтыр Теңиз кенинде мунай өндүрүү 39 млн тоннадан ашкан, Кашаганда – 18 млн тоннаны, Каспий куур консорциуму аркылуу жөнөтүүнүн жалпы көлөмү 70,5 млн тоннаны түзгөң. Анын ичинде казакстандык мунай – 64 млн тоннага жакындады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков