Алатау шаарынын
долбоорунун инвестициялык портфелинин жалпы наркы 2 триллионго жакын теңгени
түзгөн 44 долбоордон турат. Алар өнөр жай, логистика, агрокайра иштетүү, кызмат
көрсөтүү жана креативдүү индустрия тармактарында ишке ашат. Өлкөнүн
Премьер-министри Алатау шаарын өнүктүрүү боюнча кеңештин отурумун өткөрдү.
Олжас Бектенов Мамлекет башчысы заманбап санариптик шаарды узак мөөнөттүү
экономикалык өнүгүүнүн жаңы борбору катары белгилегенин айтты. Келечектеги
шаардын экономикасынын өсүшүнө жаңы дем бере турган долбоорлорду ишке киргизүү
үчүн тажрыйбалык иштер жүргүзүлүүдө. Бул учурда көп функционалдуу ишкердик
комплексин жана жогорку билимдүү адистерди даярдай турган жана алдыңкы
технологияларды өнүктүрүү борбору KAIST Kazakhstan технологиялык университетин
куруу долбоорлору бар. Учурда Парламентте «Алатау шаарынын атайын макамы
тууралуу» Конституциялык мыйзам долбоору каралууда.
Болат Жамишев, Алатау
шаарын өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөсү:
- Негизги милдет –
шаар өлкөбүзгө керектүү жаңы өндүрүштөр үчүн ачык болушу керек. Жаңы шаардын
өзү ушундай өнүгүү борборлорунун айланасында курулат. План боюнча 4 өнүгүү
борбору болот. Атап айтсак, өнөр жай жана логистикалык аймактар,
административдик, илимий, медициналык, ошондой эле Капчагайдын жанындагы
туристтик аймак калыптанат.
Гарри Уильям Доббс, «Harry
Dobbs Design» LTD башчысы, Алатау шаарын өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөсү:
- Алатауда жаңы «акылдуу»
технологияларды башынан баштап киргизип, шаарды нөлдөн долбоорлоо үчүн
уникалдуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул шаарга өнүгүүсү боюнча лидер болууга
мүмкүндүк берет. Ошондуктан мен Алатау сити узак мөөнөттүү болжолдуу
инвестициялар жана шаар куруу чечимдерин камсыз кылуу үчүн экономикалык,
каржылык жана укуктук аспектилерди камтыган комплекстүү чечимди бириктирет деп
эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

