Мөңгүлөрдү изилдөө борбору Казакстанда ишин улантат

Мөңгүлөрдү изилдөө борбору Казакстанда ишин улантат

ЮНЕСКОнун карамагындагы Мөңгүлөрдү изилдөө борбору Казакстанда өз ишин улантат. Мажилис тиешелүү келишимди кабыл алды. Буга чейин аталган келишим 2017-жылы 6 жылдык мөөнөткө ратификацияланган. Жаңы документтин алкагында борбордун иши алдыдагы 8 жылга бекитилип, Туйыксу, Жосалы Кезең ашуусу, Чоң Алматы чокусунун жанында жайгашкан 3 станцияда жүргүзүлөт. Изилдөөлөр Борбордук Азия мамлекеттеринин тармактык органдарына жана эл аралык илимий уюмдарга Сырдарыя, Амударыя, Шу, Иле, Талас дарыяларынын суу деңгээли тууралуу отчёт берет. Жалпысынан өлкөнүн аймагындагы мөңгүлөр акыркы 60 жылдан ашык убакыттан бери үзгүлтүксүз изилденип келет. Дал ушул 2 категориядагы гляциология борбору Казакстандын демилгеси менен түзүлгөн. Ал дүйнөнүн 9 өлкөсүндө 21 уюм менен өнөктөштүк орноткон.

Гүлзат Көбенова, Илим жана жогорку билим берүү вице-министри:

- Борбордун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу 2023-жылы ЮНЕСКОнун аудити менен тастыкталган. Серепчилер анын Борбордук Азияда ЮНЕСКОнун алкагында иштеген жалгыз адистештирилген гляциологиялык борбор катары өзгөчө макамы бар экенин белгилешти. Бул борбор суу коопсуздугу жаатындагы Борбордук Азияда илимий жетишкендиктердин деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков