Кызылордада
Бешинчи Улуттук курултай башталды. Форумдун алгачкы күнүндө төрт панелдик
секция отуруму өттү. Серепчилер социалдык-маданий
тармактан баштап илим жана билимге чейинки Казакстандын өнүгүүсүнүн негизги
багыттарын талкуулашты. Бул жерге өлкөнүн бардык аймактарынан делегаттар
келишкен. Алардын катарында депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер,
окумуштуулар жана искусство ишмерлери бар.
Саясат Нурбек, Илим жана жогорку билим министри:
- Илимий изилдөө
долбоорлорун өндүрүшкө даярдап берүү долбоорлору жок болгон. Ошондуктан алгач Өкмөттүн
концепциясы бекитилди. Бул
өткөн жылдын аягында ишке ашты.
Үч илимий шаарча белгиленди. Ал Курчатов шаары жана Ядролук физика институту
Алматынын жанындагы Алатау кыштагында
жана Назарбаев Университетинин жанындагы чоң 45 гектарлык парк. Азыр Мажилиске
тиешелүү мыйзам долбоору кирди. Быйыл чыгып калат. Ошондуктан ушундай кызыктуу, жаңы курал Казакстанда
ушул жылдан баштап ишке ашырыла турган болот.
Белгилей
кетсек, Улуттук Курултайдын жыйынынын экинчи күнү Президент Касым-Жомарт
Токаевдин төрагалыгы алдында өтөт. Анда жыйынтык чыгарылып, өнүгүүгө
багытталган чечимдер аныкталат. Эске
сала кетсек, Улуттук Курултайдын түзүлүшүнө Президент демилге көтөрүп, жаңы
институт 2022-жылдын кулжа
айында ишке кирген. Ошондон бери жыл сайын мындай жыйын өткөрүлүп келет.
Биринчиси Улытауда,
кийин Түркестан,
Атырау жана Бурабайда өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

