КМШ Президенттери кызматташтыктын келечегин талкуулашты

КМШ Президенттери кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Касым-Жомарт Токаев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин бейрасмий жолугушуусуна катышты. Санкт-Петербургда өткөн иш-чаранын жүрүшүндө Казакстандын, Орусиянын, Беларустун, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын лидерлери жана Армениянын Премьер-министри өз ара кызматташуунун негизги өнүгүү багыттары менен кадамдарын талкуулады. Ошондой эле, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөр алкагындагы алаканын өзөктүү маселелери жөнүндө пикир алмашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков