Казакстандын темир жолдору аркылуу жүк ташуу 20% ашты

Казакстандын темир жолдору аркылуу жүк ташуу 20% ашты

2025-жылы Казакстан аркылуу темир жолдор менен 33 миллион тонна жүк ташылган. Бир жылдын ичинде ал 20 пайыздан ашык өстү. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаевге «КТЖ» башкармалыгынын төрагасы Талгат Алдыбергенов өткөн жылдагы компаниянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. Мында тарифтик жүк ташуу 10%га өстү. Экспорттук ташуулар да көбөйүп, 90 миллион тоннаны түздү. Мындан тышкары, жалпы ташуу көлөмү 320 миллион тоннадан ашты. Эске салсак, Казакстан транспорттук инфраструктураны активдүү өнүктүрүп келет. Мисалы, Достык – Мойынты тилкесинде ишке киргизилген экинчи жолдор менен 6 миллион тонна жүк же 100 миңден ашык вагон ташылды. Алматы станциясынын темир жол түйүнүнүн айланма жолу боюнча жумушчу кыймылы да ачылды. Темир жол инфраструктурасын куруу жана модернизациялоо уланууда - долбоорлордун жалпы узундугу 3 900 чакырымды түзөт. КТЖда жасалма интеллектти колдонуу менен санариптик долбоорлор да ишке ашырылууда. Мамлекет башчысы улуттук компанияны трансформациялоо жана мультимодалдык логистиканы өнүктүрүү боюнча ишти улантууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков