Казакстандын Президенти республикалык референдумда добуш берди

Казакстандын Президенти республикалык референдумда добуш берди

Казакстандын президенти борбор калаадагы Окуучулар сарайында жайгашкан №51 шайлоо участкасында жаңы Конституциянын долбоору боюнча республикалык референдумга добуш берди. Мамлекет башчысы референдумдун өлкөнүн келечектеги өнүгүүсү үчүн өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Баарыңыздарды куттуктайм, анткени бүгүн биздин өлкө үчүн тагдыр чечүүчү күн. Конституция – бул биздин жарандардын укуктары менен эркиндиктерине кепилдик берген тарыхый документ, ошондуктан ал өзгөчө мааниге ээ. Жаңы Конституция биздин өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн бекитет. 1995-жылы кабыл алынган Конституция өз ролун ойноду. Биздин өлкө бул документ менен 35 жыл жашады, бирок убакыт бир орунда турбайт. Жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу учуру келди.

Касым-Жомарт Токаев ата мекендик жана чет элдик ЖМК өкүлдөрү үчүн брифинг өткөрдү. Ал конституциялык реформанын негизги максаттары жана милдеттери, ошондой эле эл аралык күн тартибине тиешелүү суроолорго жооп берди. Jibek Joly телеканалынын кабарчысы Президенттен вице-президенттин кызматын түзүү зарылдыгы жөнүндө сурады. Анткени айрым серепчилер конституциялык реформа бийликтин транзитине, келечектеги президенттик шайлоолорго даярдык деген божомолду айтышууда.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Айрым талдоочулардын пикиринде, Казакстанда бийлик үчүн атаандаштык күчөп, тынчсызданууну жараткан ар кандай тенденциялар күч алууда. Бирок бул коомго терс таасирин тийгизет деп кооптонууга эч кандай негиз жок. Вице-президенттин кызматын түзүү мамлекеттик бийлик институттарын бекемдейт жана буга келечекте ынанууга болот. Мен Президент катары бул кызматка, жалпысынан бардык реформаларга чоң үмүт артам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков