Казакстандын It-өнүм экспорту 1 миллиард долларга жетти

Казакстандын It-өнүм экспорту 1 миллиард долларга жетти

Казакстандын IT-өнүм экспорту 1 миллиард долларга жетти. 2025-жылы 100дөн ашык жергиликтүү стартап чет элдик рынокко чыкты. Astana Hub технопаркы түзүлгөндөн бери 7 жылда 840 миллион доллардан ашык чет элдик инвестиция тартылып, 2 миңге жакын резидент компания катталган. Бүгүнкү күндө технопарк Евразия континентинин ортоңку бөлүгүндөгү 8 өлкөнүн IT-адистерине Google компаниясы, Кремний өрөөнүндөгү Draper венчурдук университети жана дүйнөлүк акселератор Alchemist менен биргеликте иштөөгө жол ачат.

Жамбыл Махметов, Astana Hub башкаруучу мүдүрү:

- Бизде ар кандай багыттарды камтыган 10дон ашык ар кандай акселерациялык программалар бар. Башкача айтканда, Google for Startups менен биргелешкен Silkway Accelerator сыяктуу флагмандык программалар менен катар конкреттүү жеке багыттарды камтыган долбоорлорду да ишке ашырып келебиз. Мисалы, жасалма интеллект багытында AIpreneurs программасы, акылдуу шаарлар долбооруна арналган Smart City программасы бар. Индустриялык багытты камтыган долбоордун алкагында жаңы стартаптарды ири өнөр жай ишканаларында пилоттук сыноодон өткөрөбүз. Биздин программаларыбыздан бир жылда 150дөн ашык ар кандай долбоор өттү.

Технопарк резиденттери жасалма интеллект агенттерин иштеп чыгуу багытында активдүү изденүү жүргүзүп келишет. Тармактын адистерине арналган жасалма интеллект жардамчысына алдыңкы чет элдик компаниялардан суроо-талап көбөйүүдө. Мекендеш IT-адиси Бексултан Аукенов иштеп чыккан стартап платформасында юристтик, комплаенс, каржы, бухгалтерия жана салык системаларындагы санариптик жардамчылар бар.

Бексултан Аукенов, стартап өкүлү:

- Азыр 10го жакын компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Акселератордун жардамы менен жергиликтүү Kashagan B.V. компаниясы менен келишимге кирдик. Дагы эки компанияда пилоттук режимде сыноо өткөрөбүз. Ири керектөөчүлөрүбүздүн бири – Google менен GSK компанияларынын ээлигиндеги британиялык фармацевтикалык алп «Galvani Bioelectronics». Биздин өнүмгө кызыгуунун сыры эмнеде десек, эң алдымен биздин агенттер адамдын жумушун жеңилдетип, убактысын үнөмдөйт. Биз системанын көз карандысыздыгын камсыздап, кызматкердин эмгек өндүрүмдүүлүгүн 40тан 70 пайызга чейин арттырабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков