КМШдан 100гө жакын байкоочу Казакстандагы жаңы Конституция боюнча референдумду көзөмөлдөйт. Миссиянын штабы Астанада жайгашып, алгачкы байкоочулар ишке киришти. Өлкөдө 10 миңден ашык референдум участкасы ачылат. Алардын көпчүлүгү – жарандардын катталган дареги боюнча, алты жүздөн ашыгы – убактылуу каттоо жерлеринде жана 80ден ашыгы – чет өлкөдө кызмат көрсөтөт. Өздүк участканы онлайн-сервистер аркылуу тактоого болот. Добуш берүү күнү убактылуу катталуу мүмкүнчүлүгү да жеткиликтүү болмокчу. Добуш берүүгө дээрлик 12 жарым миллион казакстандык катыша алат. Референдум өттү деп таанылышы үчүн шайлоочулардын жарымынан көбү катышуусу зарыл – бул болжол менен 6,5 млн жаран. Ал эми жаңы Конституция бардык шайлоочулардын 50%дан ашыгы добуш берсе гана кабыл алынат. Корутунду жети күн ичинде чыгат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

