Казакстандагы Конституциялык реформа жөнүндө чет элдик эксперттер

Казакстандагы Конституциялык реформа жөнүндө чет элдик эксперттер

Бир палаталуу парламент модели чечимдерди ыкчам жана натыйжалуу кабыл алууга мүмкүндүк берет. Бул, өзгөчө экономикалык өнүгүү жана социалдык реформаларды ишке ашырууда маанилүү. Мындай пикирин Кыргызстандык саясат таануучу Алмаз Тажыбай билдирди. Серепчинин айтымында, жаңы башкаруу ыкмасы саясий жоопкерчиликтин айкын болушуна жана парламентте түрдүү коалициялар түзүүгө жол ачат.

Алмаз Тажыбай, саясат таанучу /Кыргызстан/:

– Казакстан үчүн бир палаталуу парламент системасы чечимдерди тез кабыл алууга натыйжалуу болот. Айрыкча, өлкө экономикада, социалдык тармакта жана саясий жаңылануу багытында ийгилик жасоону көздөсө, мындай моделдин мааниси зор. Казакстан Борбордук Азиядагы экономикалык жактан алдыңкы өлкөлөрдүн бири.

Талдоочунун пикиринде, Конституциянын долбоорундагы жаңылыктардын бири - вице-президенттин кызматы жана бул позиция мамлекет башчысына колдонуудагы тең салмактуулук жана кармап туруу системасын бузбай, бийлик ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Вице-президент өкмөттүн ишинин айрым багыттарына жетекчилик кыла алат, бирок бийлик тепкичиндеги премьер-министрдин же парламент спикеринин ордун басбайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков