Казакстанда жасалма интеллект университети түзүлөт. Бул тууралуу илим жана жогорку билим министри Саясат Нурбек билдирди. Окуу жайы Alem.ai экосистемасына бириктирилип, жетектөөчү чет элдик университеттер жана технологиялык компаниялар менен биргеликте өнүгөт. Буга кошумча, өлкөдөгү 95 жогорку окуу жайы окуу планына жасалма интеллектке тиешелүү сабактарды киргизген. Ошондой эле, 30 жогорку окуу жайы АI багыты боюнча 42 билим берүү программасын ишке ашырып жатат. Ал эми окутуучулук курамдын 54% жасалма интеллект боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн.
Саясат Нурбек, Илим жана жогорку билим министри:
- Негизги максат – профессордук-окутуучулук курамды жасалма интеллект боюнча квалификацияны жогорулатуу программалары менен 100% камтуу жана 100 миң студентти тартуу менен, экинчи этапта AI-Sana программасынын экинчи этабын бүтүрүшүбүз керек. Быйыл үчүнчү, төртүнчү этапка дароо кошулуп, Астана хаб экосистемасына кеминде 1,5 миң долбоор иштеп чыгып беришибиз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

