Казакстанда жаңы товарлардын түрлөрүн маркалоо башталат

Казакстанда жаңы товарлардын түрлөрүн маркалоо башталат

Казакстанда товардын аныктыгын тастыктаган Data Matrix кодунун колдонуу чөйрөсү кеңейтилет. Санариптик экономиканы өнүктүрүүнүн мындай ыкмасы товарды өндүрүштөн же импорттон баштап сатып алуучуга жеткенге чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Буга чейин милдеттүү түрдө маркалоого товарлардын 6 категориясы кирген, анын ичинде бут кийим, дары-дармектер, мотор майлары жана сайгактын мүйүздөрү. Натыйжада салык 1,5 эсеге артып, кошумча 98 млрд теңгеге түшкөн. Системанын натыйжалуулугун эске алган Өкмөт зер буюмдар, витаминдер, тиричилик химиясы жана косметиканы да милдеттүү маркалоо тизмесине киргизүүнү көздөөдө. Бул товар жүгүртүүнү ачык кылып, калкты сапатсыз көчүрмөлөрдөн коргойт.

Бикеш Курмангалиева, «Санарип экономиканы өнүктүрүү борбору» ЖЧКСынын башкы мүдүрү:

– Ар кандай товардык топтордогу натыйжалар ар түрдүү. Пайда миллиарддаган теңге менен эсептелет, өсүү көлөмү да ондогон пайыз. Санариптик маркалоо көмүскө экономика менен күрөшүү куралы катары өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Маркалоонун максаттары көп.

Маркалоо системасы мамлекеттик маалыматтык ресурстар менен интеграцияланган. Ушундайча, дары-дармектерди маркалоо аркылуу Саламаттыкты сактоо министрлиги 85 млрд теңге каражатты үнөмдөгөн. Казакстанда Улуттук товарлар каталогу түзүлүп, 17 млн ашык товардык карточка катталды. Бул санариптик экономиканы өнүктүрүүнүн дагы бир ыңгайлуу ыкмасы. Каталогго кирген жергиликтүү өндүрүүчүлөргө мамлекеттик сатып алуулар тармагында артыкчылык берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков