Казакстанда сот системасына ишеним деңгээли өсүүдө

Казакстанда сот системасына ишеним деңгээли өсүүдө

Казакстанда сот системасына болгон абсолюттук ишенимдин деңгээли 3 жылда 55%дан 63%га чейин өстү. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаевге Акордадагы жолугушууда Жогорку соттун төрагасы маалымдады. Асламбек Мергалиев Мамлекет башчысына өткөн жылдагы сот адилеттигин ишке ашыруунун жыйынтыктары жана алдыдагы мезгилге пландары тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, сот адилеттигинин сапатынын туруктуулугу сакталды, ал эми административдик юстициянын алкагында көрүлгөн системалык чаралардын аркасында жарандардын мамлекеттик органдар менен болгон талаштарында укуктарын коргоо көрсөткүчтөрү жакшырды. Кассациялык сотторго да суроо-талап жогору болууда. Президент «Мыйзам жана тартип» принцибин ишке ашыруунун, жарандардын адилет соттук коргоого жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун, мыйзам үстөмдүгүнүн артыкчылыгынын жана коомдун сот системасына болгон ишенимин жогорулатуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков