Бардык деңгээлдеги референдум комиссиялары республикалык референдумду өткөрүүгө даярдык иштерин аяктады. Бул тууралуу Борбордук референдум комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров билдирди. Анын айтымында, бардыгы 10 миңден ашык референдум участогу иштейт. Түрдүү деңгээлдеги комиссиялардын 71 миңден ашык мүчөсү окутуу семинарлары менен камтылды. 68 чет элдик ЖМКнын 185 өкүлү референдум жүрүшүн маалыматтык түрдө чагылдырат. Жалпы саясий өнөктүккө даярдык алкагында коомдук бирикмелер, коммерциялык эмес уюмдарды аккредиттөө камсыздалды.
Нурлан Абдыров, Борбордук референдум комиссиясынын
төрагасы:
– Бул багытта борбордук жана аймактык референдум
комиссиялары тарабынан аккредитациялоо иштерин уюштуруу жана өткөрүү боюнча
тиешелүү чараларды көрдүк. Аккредитациялоого байланыштуу арыздарды кабыл алуу,
кароо жана каттоо иштери белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлдү. Ушул убакка
чейин аккредитациялоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө бардыгы
256 уюм аккредитацияланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

