Казакстанда мунай-газ химиясын өндүрүү 12% өстү

Казакстанда мунай-газ химиясын өндүрүү 12% өстү

Казакстан мунай-газ химиясы тармагында терең иштетилген өнүмдөрдү тышкы рынокторго системалуу түрдө жеткире баштады. Бул негизинен полипропилен, бензол жана параксилол. Мындай демилге тармактын өнүгүшүнө түрткү берди. Анын натыйжасында өнүм өндүрүү көлөмү 12% өстү. Өлкөнүн энергетика министри атамекендик мунай-химия тармагы чийки зат эмес экспорттун жаңы кыймылдаткыч күчү катары таанылганын белгилейт. Ошондой эле өлкө аймагында бул багытта дүйнөлүк деңгээлдеги өндүрүштүк комплекстер курулуп жатат. Маселен, Атырау облусунда полиэтилен заводунун келечектеги пиролиз заводунун курулушу үчүнчү баскычка жетти. Ал эми Павлодарда алкил чыгаруучу ишкананын курулушу башталды. Ерлан Аккенжанов өлкөдө мунайды кайра иштетүү тармагын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн так өндүрүштүк багыты бекитилгенин белгиледи. Ошол эле учурда, кубаттуулугун жана өнүм сапатын жогорулатууга жана илимий негизделген технологияларга басым жасалат. Мындан тышкары, тармакты технологиялык модернизациялоо иши башталды. EnergyTech - отун-энергетика комплексин башкаруунун бирдиктүү системасы киргизилүүдө. Системанын толук ишке кириши 2027-жылга пландаштырылган. Ал эми бүгүнкү күндө 7 санариптик кызматтар реалдуу режимде иштеп жатат.

Ерлан Аккенженов, Казакстан Республикасынын Энергетика Министри:

- Жасалма интеллектке өзгөчө көңүл бурабыз. Киргизилип жаткан инструменттер иш жүзүндө өзүнүн натыйжалуулугун далилдеп жатат. Рыноктун өкүлдөрү менен биргеликте тармактын керектөөлөрүн аныктап, жасалма интеллектти колдонуунун так сценарийлерин бышыктап жатабыз. Негизги милдеттер - аба чубалгыларынын дефектоскопиялоо жана жылуулук тармактарынын ички диагностикалоо. Бул технологиялар адам көрө албаган жашыруун зыянды аныктоого мүмкүндүк берет. Бул оңдоо чыгымдарын кыйла азайтат. Экономикалык натыйжа ондогон миллиард теңгеге жетет.