Казакстандын курулуш тармагы санариптик нукка бурулууда.
Бүгүнкү күндө бул тармактагы бардык 54 мамлекеттик кызмат онлайн жеткиликтүү. Казакстандыктар
көбүнчө аларды электрондук сервистер аркылуу алышат – өткөн жылдын жыйынтыгы
боюнча алардын үлүшү 96%га жетти. Даректерди дайындоо, долбоорлоого уруксат
алуу жана эскиздик долбоорлорду макулдашуу процедуралары эң көп талап кылынат.
Ошондой эле, тармакка AI-технологиялары параллелдүү киргизилип жатат. Мисалы,
Астанада курулушту көзөмөлдөө үчүн компьютердик көрүү технологиясын колдонуу
менен пилоттук долбоор ишке киргизилди. Система жерлерди максатсыз пайдаланууну
жана шаар куруу пландарынан четтөөлөрдү эрте баскычтарда аныктоого мүмкүндүк
берет. Тармактын санариптик трансформация картасынын алкагында 20 негизги
процесс санариптештирилди. Премьер-министр Олжас Бектенов санариптештирүү
курулуш тармагынын ачыктыгын жогорулатууга жана процедуралардын санын
кыскартууга ошондой эле жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.
Олжас Бектенов, Казакстан премьер-министри:
– Мыйзамдарды
жаңылоо менен бирге заманбап санариптик системаларга өтүү жүрүп жатат.
Курулуштун бирдиктүү порталы тармактагы ачык-айкындуулукту жогорулатат,
чачыранды системаларды «бирдиктүү терезе» принциби боюнча бириктирет жана
ашыкча бюрократияны жана мөөнөттөрдү кыскартат. Өнөр жай жана курулуш
министрликтерине жана жасалма интеллект министрлигине ушул жылдын теке айынын
аягына чейин долбоорлорду экспертизалоо боюнча жасалма интеллект модулдарынын
пилоттук режимде иштешин камсыз кылууну тапшырам. Башкы жана деталдуу пландарды
Шаар куруу кадастрына өткөрүү боюнча ишти улантуу зарыл. Тармакты
санариптештирүү боюнча бардык пландарды тездетүү керек.
Жалпысынан алганда, Казакстанда өткөн жылдын жыйынтыгы
боюнча курулуштун оң темпи сакталды. Өлкөдө 20 миллион чарчы метрден ашык турак
жай курулду. Бул жылдагы пландар – 18,5 миллион чарчы метрди пайдаланууга
берүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

