Казакстанда биринчи жолу IT архитекторлор академиясы
түзүлдү. Билим берүү платформасын Санариптик өкмөттү колдоо борбору ишке кошту.
Мында мамлекеттик деңгээлдеги санариптик чечимдерди долбоорлоо жана өнүктүрүү
менен алектенген кесипкөй адистер даярдалат. Окутуу ушул айда оффлайн
форматында башталып, алгачкы катышуучулар үчүн акысыз болот. Курстун
катышуучулары бизнес процесстерин оптималдаштыруу, IT архитектураны долбоорлоо,
жасалма интеллекттин прототибин иштеп чыгуу жана долбоорду эффективдүү башкаруу
сыяктуу компетенцияларды өздөштүрүшөт.
Бактияр Мухаметкалиев, Санариптик өкмөттү колдоо
борборунун башкы мудүрү:
- Учурда биз жетиштүү адистешкен жана белгилүү бир
тармакты билген адамдарды окууга чакыргыбыз келет. Бирок келечекте билим
алуучулардын чөйрөсүн кеңейтүүнү пландап жатабыз. Келерки жылы бул түзүлгөн
топтун катарын кеңейтебиз. Учурда Астанада иштеп жатабыз. Кийинки жылы онлайн
режимине өтөбүз. Азыр санариптик Казакстан форматында жаңылыктарды сунуштаган
адистерге басым жасоодобуз. Келечекте биз муну менен чектелбейбиз. Биздин ар
кандай ички жана эл аралык кызматташуу боюнча абдан жакшы пландарыбыз бар.
Көптөгөн эл аралык серепчилер казакстандык тажрыйба үчүн бизге кайрылышат.
Бештин айында бардык арыздарга талдоо жүргүзөбүз. Биз эң ылайыктуу адистерди
тандап, андан кийин тиешелүү сертификаттарды беребиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

